кыргак1

китептерде 24 жолу, 6 китепте кыргак 2 →
  1. Жээк, бир нерсенин жээгине тартылуучу кооздолуп жасалган тасма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качырып найза сайышып, / Соотторун булушуп, / Балта менен чабышып, / Калдагай темир калканын, / Кыргагынан жарышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аралда эмес ал күмбөз, / Биз жаккы четки кыргакта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара кыргак, ак күбөң, / Канча кымбат асылды, / Катарлап баарын койдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү алайып, / Ээрдин шимип жаланып, / Караса көзү алайып, / Жыланча эрдин жаланып, / Ачылып көзү жумулуп, / Туулгасында кыргак жок, / Чочкодон бетер мулуйуп, / Кылычын ууга сугарган, / Каарданып чапканда, / Кутулбаган эч бир жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →