кыраакы

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Иштин жайын алдын ала билгич, байкагыч, көрөгөч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…баатырды, / Бекбачаны жактырып: / «Балбан экен, эр экен, / Жолборс экен, шер экен, / Ушунча жандан Бекбача, / Ырысы артык неме экен, / Кызыл түктүү пил экен, / Кыраакынын бири экен, / Балта чапса мыктуу экен, / Найза сайса ыктуу экен, / Мылтыкка мерген уул экен, / Жетимиш эки өнөргө, / Өтө жетик бул экен, / Буга барып ким тийсе,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыраакы өзү укмуштуу, / Бастырган жерден баатырдын, / Атынын изин карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карк этип карга учпаган, / Курк этип кузгун учпаган, / Сереңдеп койон качпаган, / Кыраакылар байкаса, / Тирүү жандар баспаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Токтоно албай Сейитек, / Эшикке чыгып элбиреп, / Сүрөттө кызды көрсөм деп, / Эт жүрөгү элжиреп, / Зулпуке, Чүрөк, Гулнарга, / Жакын келди темтиреп, / Зулпуке, Чүрөк көрүштү, / Бура басып кылт берип, / Буруу үйгө киришти, / Гүлнардын ойго түшкөнүн, / Зулпуке менен Айчүрөк – / Кыраакылар билишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыраакы бала Семетей, / Чыныдагы аракты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →