кыр1

китептерде 3677 жолу, 10 китепте кыр 2 →
  1. Тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү, тоонун көтөрүлүп чыгып турган жону.
  2. Бир нерсенин чети, кырданып чыгып турган бөлүгү.
  3. Каптал.
  4. Жон-жон кылып үйүлгөн үйүндү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душма… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ойлонду Сыргак жана да, / Жан айабай баратып, / Акылында муну айтып: / “Кечээ тал чокунун кырында, / Чубактын салган чырында, / Ойрон Алма баатырдын, / Ошондо айткан кеби бар: / Хан кыл десем кимиңди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →