кыпын

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Бир нерсенин эң кичине, өтө майда бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана кирди Гүлүстөн, / Жан айабай качырып, / Жаалы чыгып жүзүнөн, / Көзүнөн жалын чачылып, / Кыпындай кызыл бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лдөшүп, күүлдөшүп, / Найзаларын сүйрөшүп, / Качпай найза сайышып, / Найзаларын кагышып, / Колтуктарын чойушуп, / Чокмор менен койушуп, / Кындан кылыч алышып, / Кыпындай жанды айабай, / Кылчылдашып чабышып, / Аманат жалгыз бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады, / Акжол мыкты эр экен, / Өлүмдөн башын тартпады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бирин бири сүйрөтүп, / Көкбөрү тартып кетерге, / Кыпындай жанды жоготуп, / Алмадай башты кесерге, / Аманат жанды таштады, / Ат үстүндө бул экөө, / Эми алыша баштады, / Кылыч, найза, балтачан, / Бекерге калды баштакы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол бирибирибизден кыпындай жашырбас элес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →