кыпылда
- Тынчсыздануу, тынчы кетүү, кооптонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айланайын абаке, / Эрикпей жолду караңыз, / Көкөлөп учпай куу өрдөк, / Канатын кагып кыпылдап, / Жер сыдырып зыпылдап, / Түшкүндөй камчынын, / Аркасынан чаң чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куулдаган ылаачын- / Чоң казатка барганда, / Көк күлдү кыштап калганда, / Олуйа Кошой эрмекке, / Өрдөккө салган куу кумпай, / Кыпылдаган карчыга, / Алп Төштүк салган кыргоолго, / Кастарлаган куш эле, / Зыпылдаган Кыргыйек, / Бекер кыргый ал эмес, / Букардагы Темиркан, / Көз тийет деп кызыма, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ошо кезде Кыйазды, / Карап турса Кутубай, / Кара жанга күч келип, / Тер тамчылап тыпылдап, / Сүйлөйүн десе тил келбей, / Ыйлачудай кыңкылдап, / Айчүрөк учуп кетет деп, / Токтоно албай кыпылдап: / — Ой, Кутубай курбалдаш, / Калыссың, айтчы, сөздү ылгап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жүрөгү чыгат кыпылдап, / Көрүнүп койсо карааны, / Сага окшогон немелер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Алымжан катуу тургай эле деп кыпылдап анын жеңишин тилеп мен турам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →