кыпчы
- Кыпчуур, кычкач ж.б. менен кыса кармоо, кысуу.
- Бир нерсенин ортосуна, арасына кысып коюу, кыстаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чуба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карасаң эми ал тайган, / Куйругун кыпчып такымга, / Айлана басып ак үйдү, / Улуп-уңшуп, кыңшылап, / Үрүп кээде арсылдап, / Оозунда тиши шакылдап, / Кабуучудай карсылдап, / Айчүрөктүн тушуна, / Келе калып кыңшылап, / Эки-үч күндүн ичинде, / Ийне жеген немедей, / Арыктады ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыйшаңдабай шыбырап, / Куймулчак кыпчып жатпасаң, / Кордукка башың саласың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал бир кезде жакамды коё берип, ары кетип калып, издеп жүрүп, былжыраган бир түрү суук кара куртту чубалжытып, чөпкө кыпчып келди да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кийим порумуна караганда чоңу мынабу мурдун кыпчып койгондой, таноосу тар, көзү кыйпыйган, чап жаак, кара сур неме болсо керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →