кыпчактар

китептерде 27 жолу, 3 китепте
  1. тар. Борбордук Азияда тараган уруулардын бири.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өзү кыпчак уругу, / Кең Кашкарга караштуу, / Далай шаардын улугу, / Адамдан башка зер акыл, / Азыркынын тунугу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыпчакта Жоодар сен турсаң, / Кара кыргыз Бактыбай, / Ага болсоң жоодар сен, / Ини болсо Бактыбай, / Эмнеден менин кемим бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Чоң Таласка мен калбай, / Башы жети учу бир, / Жон атагы Тайгакташ, / Миңден ашуу айу бар, / Жакшы тосуп жолдорун, / Багып тургун тар кылбай, / Бүгүндөн баштап кыпчакка, / Ээ болгунуң, Талпакбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акбалта, Жамгыр - дөөңөр бар, / Көзү ачык чоңуң бар, / Көптү билген зоруң бар, / Жакып, Шыгай карың бар, / Текечи, Кыпчак - байың бар, / Кырктын башы Кыргыл бар, / Кыйындардын баары бар, / Баш кишиге ким болот? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ойунда, / Кебез тоонун бетинде, / Кең Кашкардын четинде, / Тогуз уулдун кенжеси, / Бир кудайдын пендеси, / Эламан байдын эр Төштүк, / Төштүккө кабар салабыз, / Кыпчактын колун алабыз, / Кырдан урган салмордой, / Кыйкырып Бейжин барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →