кында
- Кынга салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылычты кындан суурганда, / Кыйкырыгын күчөтүп, / Кыйрынан келип урганда, / Балтаны таштап Кененим, / Найзаны оңдоп имерди, / Кылыч чапчу оң колдон, / Каржиликтен булчуңга, / Найзаны муштап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокмору түштү дүп этип, / Өзү түштү дүк этип, / Кылычты кындан суургунча, / Мойнунан башын кыйганча, / Чойтолоң келди ал жетип: / — Жолборсум Сейит, кулак сал, / Чойтолоң сөзүн угуп кал, / Хандык менен Тапан хан, / Бардык элге чоң эле, / Тапан хандын элинде, / Мындай балбан жок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бели кындай, бети айдай, / Белдүү чочко Коңурбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →