кына1

китептерде 18 жолу, 6 китепте кына 2 →
  1. Эп келиштирип кыйыштыруу, чеберчилик менен эбине келтирүү, жанаша коюу, жик чыгарбай, эби менен бириктирүү, улоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Курчанганы белинде, / Булгарыга тыштаган, / Алтындан жасап кынаган, / Адамдын көзү уйалган, / Кемери бар белинде, / Жигиттери буралган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бектен, / Чалган боосу дагы бар, / Алты күндүк алысты, / Алты аркан бойу келтирген, / Абдан тиктеп караса, / Жүрөгүн таарып өлтүргөн, / Оозу өрттөй кызарган, / Кынабына койгондо, / Кере кулач узарган, / Боосун албай мойнунан, / Сууруп алып койнунан, / Тунарык тарткан түз жакка, / Көз жиберип караса, / Тогуз күндүк жер эле, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Кайра келди чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жети кабат көзү бар, / Ак седептен тышы бар, / Ичи өрттөй кызарган, / Тартып койсо кынабын, / Кере беш сөөм узарган, / Оңдоп кармап Каныкей, / Кара көзгө салды эле, / Өлчөп карап калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кармай кылып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Кармап алып колуна, / Кынабына толтуруп, / Кыңкайа тартып олтуруп, / Оңдоп кармап имерип, / Ополду көздөй жиберип, / Тегеретип имерип, / Деңизди көздөй жиберип, / Кара көзгө салды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →