кымындай
- Кыпындай, кичинекей, тырмактай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лдап, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Баатырлар үнү бакылдап, / Кан сагынган эрээндер, / Тилдери батпай оозуна, / Суусагансып лакылдап, / Аманат жандан кечишип, / Кымындай болгон бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыргап жаттык кыргыздар, / Кыйноого бизди салбадың, / Кыргыз үчүн кырааным, / Кымындай жанды кыйнадың, / Жалгыз жүрүп жан кыйнап, / Жакшы эле кызмат кылганың, / Дүйшөмбүгө барам деп, / Бүгүн айтып турганың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кырда жаткан эл үчүн, / Кыргыздан келген чунагың, / Кымындай жанын кыйнады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Качырып келип салды эми, / Калкан менен туулгадан, / Кымындай неме калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Муну укканда карышкыр ичинен кымындай түшүп, желип-жортуп кырды ашып, улакка кандай жеткенин өзү да билбей калды:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →