кымбаттуу

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Ардактуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катындары уйаттуу, / Кыз балдары кымбаттуу, / Жубандары сымбаттуу, / Келиндери келбеттүү, / Бай-жардысын билгисиз, / Баарысы шуру-берметтүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кылжейрен атын кылдыйтып, / Кымбаттуу найза зыңкыйтып, / Салам айтып шалкайып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Адамдан башка түрпөтү, / Ак мейкин зоодой зыңгырап, / Кол салса кокус кыргындай, / Кырып койуп тынгындай, / Кылгылыкты кылгындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтынай, Абыл, Чолпонай, / Кымбаттуу курбум Кылжыке, / Акылы терең Жетилбай, / Артык туулган Көкбука, / Кыйналып турган кезинде, / Жатып албай чалкалап, / Тартынбай келип ашыгып, / Душманымды кыйратып, / Караан болуп жаныма, / Айанбай кылды кызматты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– Кымбаттуу туугандар, мен карып кеттим. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →