кымбат

китептерде 27 жолу, 8 китепте
  1. Баасы жогору, арзандын карама-каршысы.
  2. Татаал, кыйын.
  3. Кадырлуу, асыл.
  4. Энчилүү ат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Кененимдин мен башын, / Келемин деп байланып, / Аңгычакты Көкбөрү / Аскерди тур деп камданып: / — Алып келсе Таабалды, / Сүйүнчү улак тартыңар, / Кыргыздын кымбат кыздарын / Бирден алып жатыңар, / Алдырып койсо Таабалды, / Мылтык менен атыңар, / Жебени чендеп тартыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ажыбайдай чечени, / Андай сонун нечени, / Кысылса тийген кереги, / Кымбат баасы Сереги, / Төлгөчү кара Төлөгү, / Төлгөсү журттан бөлөгү, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтып берүчү, / Алымдардын Алакен, / Унутулчуу жан бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Так салыптыр билгизбей, / Менин кымбат – баркыма!- / Деп акырды эр Көкчө, / Ыраңдары бөлөкчө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара кыргак, ак күбөң, / Канча кымбат асылды, / Катарлап баарын койдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анын үч уулу болуп, күндөрдүн биринде падыша үч уулун чакырып алып: "Силер мага кымбат баалуу бир нерсе сатып келгиле. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →