кылычташ
- Кылыч менен чабышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саламат менен Кесилет, / Жан айашпай бет келип, / Найза күүлөп сайышып, / Балта булгап чабышып, / Кылычташып урушуп, / Чокмор менен койушуп, / Этектен түрө кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Жакалашып тартышып, / Көөдөндөшүп тирешип, / Булкуп-силкип күршүп, / Орой-то…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылычташкан кармашта, / Кылчайары калбаган: / Кара чоктуу калмактан, / Кансырап өлгөн далай жан, / Канжарлашкан майданда, / Кайаша айтар калбаган, / Каккылашып күнү-түн, / Кармашып эч ким албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычташып урушуп, / Кызыл канды кечпейли, / Бөлүнүп жолго салалы, / Кеңколдой элге баралы, / Байрак тиктеп, туу кармап, / Анан уруш кылалы, / Эп келеби, кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кызыталак намыссыз, / Кылычташып кал — деди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Балталашып чабышып, / Бар кайратын салышып, / Өкүргөндөн бакырып, / Өз аттарын чакырып, / Сайышып жүргөн жеринде, / Топуракты сапырып, / Кылычташып урушуп, / Кыйындык менен турушуп, / Оодарышып жулушуп, / Кийимдерди булушуп, / Күнү-түнү уланып, / Күндө күчөп дууланып, / Жебесин жаага керишип, / Жаздыра огу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →