кылычта

китептерде 36 жолу, 7 китепте
  1. Кылыч менен чабуу, кылыч менен чапкылоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Татылда жаман мыкаачы, / Кылычтап канын чубуртту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра туна… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Дабытайды алпарып, / Бастырып жарга жоготуп, / Кайта келип кырат деп, / Канды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп найзалап, / Аралап кирип кылычтап, / Белден тосуп мылтыктап, / Жекелеп чыккан немесин, / Семетей менен кара дөө, / Жер жазтантып жалмады, / Алдына карай оозгонду, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Жебе менен жайлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тартынбастан баралы, / Кылычтап башын алалы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →