кылыч
- Атчан аскерлер колдонуучу бир жагы миздүү кайкыраак, узунураак келген курал.
- Өрмөк согууда колдонулуучу курал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Канчоро айтканда, / Токтоно албай Керменбай, / Кылычын кындан суурганда, / Көкжалыңдын Сейитек: / — Кылычты кындан тартышың, / Кой, Керменбай кеп эмес, / Мен курбалдаш киши деп, / Гүлүстөн абам алдында, / Айтпады беле далай кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →