кылыктуу
- Иш-аракети, кылык-жоругу сүйкүмдүү, ойсоңдогон, кылтыңдаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылыктуу болгун боз балдар, / Баш кишиңер Орунбай, / Мойнуңду бурсаң кеп укпай, / Келгенде угам кылганын, / Мен кежирдин биримин, / Бириңе тийип кетпесин, / Бириңдин кылган кесирин, / Алын сурап тургула, / Жетим менен жесирдин, / “Карынын кебин бурчултпай, / Капка салып сактагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кар болбосун карылар, / Мас жүрбөсүн жаш балдар, / Керишпесин келиндер, / Урушпасын уландар, / Урматтуу болсун жубандар, / Кылыктуу өссүн кыз-балдар, / Бузулбасын боз балдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылыктуу нечен кызды алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →