кылыксын
- Уялымыш болуу, тартынымыш болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйалданган кара бет, / Кылыксынып айтат кеп: / — Чыныңды айткын,, Тапан хан, / Жалганы жок ырас кеп, / Жедигердин бир кызы, / Келип турам маана издеп, / Чымындай жандын камын жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…үгөткөн желмогуз, / Жой тилине Тапан хан, / Көл болгонун билгени, / Күлүмсүрөп жымыйып, / Көңүлүмдө күлдү эми, / Сейитимден башкага, / Кыйыш кетпейт кылганы, / Кылыксынып кара бет, / Кыйа карап турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кылар ишин белгилеп, / Кылыксынып эшиктен, / Кеңешим бар сизге деп, / Кирип келди кара бет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →