кылык
- Жорук, кылган иш.
- Кулк-мүнөз, жүрүш-туруш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…р менен карала, / Айткан ишти кылсаңар, / Кары- жашың калбастан, / Алдыдан тосуп чыксаңар, / Акылыңа төндүргүн, / Ушул бизден уксаңар, / Кылбасаңар айтканды, / Кылык кылам айткандай, / Каныңарды агызам, / Тегирмен эгин тарткандай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батай, Катай – ал экөө, / Кыйардын билди кылыгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бекер киши кылбаптыр, / Башка жанды тыйбаптыр, / Бу Жамгырчынын кылыгы, / Бизден колун тыйбаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кан кызына каарданып: "Ага бир кылыкты кылайын" деп ойлоп калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →