кылчылда

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Сууктап солкулдоо, калчылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан немедей, / Азуулары кыйчылдап, / Тура албай калды Көкбөрү, / Асыл менен тең чыдап, / Канча кыйал-о… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтып болуп жаш жигит, / Бойуна кирди кылчылдак, / Маңдайдан тери бөлүндү, / Бурчак-бурчак чылпылдап: / — Тура тургун, Мадана, / Эми эле алып беремин, / Минериңе тулпар ат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сынган колун карабай, / Кылча жанын айабай, / Кылчылдашып урушуп, / Алымсарык ат койуп, / Айалдабай бат койуп, / Эренден экөө болгондо, / Арамзаада Суумерген, / Кайра качты жалт койуп, / Акым, Шакым аскери, / Келатышкан ат койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алы келбей Желмогуз, / Качып келип бул жерге, / Тапан ханга кыз болуп, / Саа тийемин мени ал, деп / Сейит менен урушсам, / Болуп бергин жардам, деп / Жамап айтып жалган кеп, / Биздин элди кырдырды, / Кымызга сууну куйдурду, / Кылчылдашып урушуп, / Кызыл каны чубурду, / Менден уксаң кеп ушул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Суудан чыкты кылчылдап, / Сары жаргак камдагай, / Багалеги былчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →