кылчаңда

китептерде 36 жолу, 8 китепте
  1. Улам-улам арка жагына карануу, кылчактоо.
  2. өт. Тарткынчыктоо, кылчактоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…удай бетин көрсөтпө, / Алты жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Анын ырысына жараша, / Аркасын карап кылчаңдап, / Жорголой басып ыкчамдап, / Кыйгач тиктеп жаныбар, / Кыйырдата тепкенде, / Жүздөн ашык ит өлүп, / Бир канчасы жарадар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ри качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, / Балбандары качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — деди, / Аркасынан туйдурбай, / Аңтара… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырккүрөң аттан жыгылды, / Кемерге башы тыгылды, / Буудаңчаңды сайган, деп, / Бооруна найза малган, деп, / Кылым кытай журтума, / Кылганым менин угулду, / Кумдай болгон көп аскер, / Кылчаңдабай куйулду, / Кыны кызыл, сабы алтын, / Кылычын Алмаң сууруду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыларга айла таба албай, / Кылчаңдап кайра кача албай, / Узартып жаткан убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каныкейди пааналап, / Айчүрөк турду кылчаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →