кылчай
- Мойнун буруп, арка жагын кароо.
- Кайрылуу, кайта айлануу, кайрылып келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өлбөгөнүн билбеди, / Өкүм өскөн эр неме, / Дарбазанын башына, / Кемеринен илгени, / Кылчайып артын карабай, / Кара кошуун элдерге, / Кайрылып жетип келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оогандыктын эр Сыргак, / Тор салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Имерилип тартты эле, / Кылчайып артын караса, / Кызыталак чоң калмак, / Төрт айактап такандап, / Кара жерден кооп жатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →