кылча

китептерде 33 жолу, 9 китепте
  1. Кенедей, кымындай, кичинекей да.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапта турган Таабалды, / Кылча жанын айабай, / Өлөмүн деп санабай, / Алды – аркасын карабай, / Жебеден мурун жеткени, / Кытайдан келген баатырга, / Кыйкырып найза неткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айылдан чыккан Чигитей, / Алды-артын ойлоп кенебей, / Эпсиз баатыр бул чунак, / Элирген бала ченебей, / Кылчаыйп артын карабай, / Кыргыз үчүн өлөм, дейт, / Кылча жанын айабай: / “Таласка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ан, / Чойун алпка жетиптир, / Куткарып алып кетиптир, / Туу түбүндө Чолпонбай – / Чоктой кызыл жалынга, / Беттеп бенде баралбай, / Буулугуп калган кыргыздар, / Кылча жанын айабай, / Кылчайып артын карабай: / “Жаным тирүү турганда, / Жандан тойгон калмактан, / Аз болгондо алтыны, / Көп болгондо алтымыш, / Жаздана жатсам экен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таамайлап бирин сайа албай, / Найзасын канга мала албай, / Кылча жанын айашып, / Кылчаңдашып кала албай, / Тай-талаш болуп ушундай, / Турган кезде Коңурбай, / Мына мындай кыйалдай: / “Сайдырбайт экен Коңур — деп, / Сактанып … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылсаң, кызмат биз үчүн, / Кылча мойнум сиз үчүн / Эсирген канкор төрөдөн, / Эми алам өчүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →