кылтыңда
- Кылыктануу, экилене кыймылдоо, ойсоңдоо, жасакерленүү.
- Туруктуу болбоо, бир сөзүндө турбоо, улам бирди сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…уктары чолтоңдоп; / Жолборс келет суналып, / Илбирс келет чубалып, / Шери келет чакчаңдап, / Айуулар келет саксаңдап, / Карышкыр келет култуңдап, / Түлкү келет кылтыңдап; / Сүлөөсүн келет сумсайып, / Суусар келет суйкайып, / Ачкүсөн, карсак аралаш, / Кете албай малдан аралап, / Жыландар кайыш ийленип, / Кирпи-чечен, ташбака, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куу тайган келип иңдендин, / Алдынан өттү арсылдап, / Куу тайган менен Куу иңген – / Экөө ойноп кылтыңдап, / Секирип тайган кыңшылап, / Койкоңдойт иңген буркулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →