кылтый
- Кичинекей гана көрүнүү, жаңыдан гана чыга баштоо.
- Билмексен, көрмөксөн болумуш болуу, уялыңкыраган кебетеде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билбегендей кылкыйып, / Көз кырын салып кылтыйып, / Канжарын сууруп алганын, / Табарсыкка маларын, / Анык билди Жагалмай, / Абалкыдан беш бетер, / Катуу тийди Жагалмай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…а чалдырбай, / Чаалыкпастыктын бири экен, / Алтымыш күн жол жүрсө, / Талыкпастын бири экен, / Ээси менен аты окшош, / Келишип калган тиги экен, / Момоороп өзгө кылтыйат, / Мунуңду айтчы ким экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү сурмалуу, / Түлөк куштай кылтыйган, / Баатыр Сыргак хан ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Менин оң жагымда бирөөнүн башы кылтыйып калды эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала андан ары басат, алдынан дагы бир чоң жылан чыгат, ага да жыландын башын кылтыйтты эле, а да ийнине кире качат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →