кылт
- Кыймыл-аракеттин, көрүнүштүн ж.б. дароо, өтө тез болгондугун билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эки чапсам уйат деп, / Дабытай карап турат, деп, / Оң жагына кылт этип, / Оңтойуна келтирип, / Жойкума менен он бешин, / Тобун бузбай жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп кылт этип, / Кызча күлүп шыңк этип, / Тапан хандын бетинен, / Сылап койду жып этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Качырып барып жетти эле, / Найзанын учу жетерде, / Капталга койуп кетерде, / Кыйын экен Суркойон, / Кыйа тартып жалт берип, / Коктудагы койондой, / Аркасынан кылт берип, / Уйалбастан Канчоро, / Өкүргөндөн бакырып, / Хан Кыйаздап чакырып, / Кыйазга жетип барды эле: / «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, / Сары хан, элди оңдоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →