кылкылда
- Бир калыпта акырындап жай жылуу.
- Баштары бир кылка келип, текши толукшуп өтө көп болуп көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үнү заңкылдап, / Аргымак аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгыттан келди хан Калдык, / Жер сойулуп кылкылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Карадан белек туу кармап, / Алооке менен Коңурбай, / Андан ашып кетем, деп, / Ойунда келет бул акмак, / Маңдайда Асыл эр турат, / Ой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Бозчаар минген Боронбай, / Кырк миң черүү кол менен, / Кылкылдап келип бул турду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана басып тосоттоп, / Боз улан турат кылкылдап, / Кара сууда балыктар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кылкылдактын суу бойу, / Аскер менен табышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →