кылкан
- Арпа, буудай сыяктуу өсүмдүктөрдүн башындагы узун ичке тикенекчелер.
- Балыктын майда, ичке сөөкчөлөрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рди Бактыбай, / Калың жерин аралап, / Жол салганы Бактыбай, / Бетке келген Манжунун, / Бирин тирүү калтырбай, / Өзөктөн канын агызып, / Жайып кирди Бактыбай, / Кылкандай болгон жигитти, / Кырып кирди Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балык берген кылканды, / Отко жакын кармады, / Шарактап эшик ачылды, / Сулуу кыз келип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылкандай найза, көк желек, / Кынай кармап бекемдеп, / Кездемдин боосун жубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Нускоо болсо чоңунан, / Ат салууга чуратып, / Дайарланып т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрөлү баарын — деп чалып, / Кара кылкан буудай баш, / Жел тийсе кылкып ыргалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калдуубеттин кыр арка, / Кылкандай болгон кабырга, / Катары менен кыйрады, / Кан жыттанган доңуздун, / Кайран жаны кыйналды, / Кадимкидей боло албай, / Качырып найза уралбай, / Калдайып карап туралбай, / Караңгынын чапанын, / Калкалап чүмкөй жамынып, / Качып кетти уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →