кылка

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Катар, тегиз, текши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрпөчө кызыл макмалдан, / Кылка чети саймадан, / Келбетин көргөн келиндин, / Сыртынан көрүп таңданган, / Жандай басып күйөөсүн, / Ак маралдай шаңданган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Санаасы сан, кыйал миң, / Калдагай кулак өзү бир, / Мээнет акыл таптырбай, / Ачылбай келет көөнү кир, / Тоо кылкалап жол басып, / Корум таштуу бел ашып, / Күн алтыга жеткенде, / Кашкарга келди жанашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ала мойун суусар бар, / Ачакан менен Дабытай, / Булар жүрөт табалбай, / Түгөнүп калган кыргызда, / Жылтылдатып кылканын, / Кийип жүрөт жаш балдар, / Андыктан кыргыз элдери, / Кундузду койот пулга албай, / Жапа кундуз көп экен, / Сасык дешип теңге албай, / Байкерчилик болобу, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…рылып, каргытып, / Жеткен жерде бул дагы, / Оодарылды сайдырып, / Беш баатырды Кетиркей, / Эрдигинен тайдырып, / Найза жеген жаралуу, / Кийимдерин кан кылып, / Кылка мурут Абдылда, / Эми чыкты ачынып, / Дөңкүрөң деген күлүктү, / Дүпүлдөтө бастырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыккан жердин чөбүндөй, / Кыргыз келди жер жайнап, / Аркасынан түшүптүр, / Кырк чоросу кол айдап, / Кыйын согуш болгон кез, / Кылка буудан алчактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →