кылжыр
- Мойну кыйшык, мойну кылжыйган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, / Кылжыр менен Күрөңкө, / Биз билебиз сыйкыр, деп, / Кыйкырасың тим күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…бөлүнүп, / Баатырдын туусу көрүнүп, / Кызыл кыргын бул жерде, / Кымылдаган көп элде, / Кыйын болгон сыйагы, / Адамдын каны төгүлүп, / Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, / Кылжыр менен Күрөөкө, / Кыйын жумуш аткарып, / Турган экен бул төртөө, / Оогандыктан отуз миң, / Азык-түлүк, ок-дары, / Талаганы төөлөрүн, / Барган эле көз көрүнөө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер токтоно калыптыр, / Оогандыктын баарысы, / Илбирс болуп алыптыр, / Абаңды карай бет алып, / Атырылып калыптыр, / Кыргыздардан төрт жүздү, / Кыйын сыйкыр Кылжыры, / Жолборс кыла салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бала жолборс Сейити, / Кылжырбаштын найзага, / Жаркабакты кармады, / Кылжырбаштын найзасы, / Жаркабакка мадалды, / Кылжырбашты Сейити, / Жаркабак менен бир салды, / Жаркабакты кучактап, / Кылжырб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баладан таппай кылжырды, / Кайран бала маминтип, / Баарысын кепке сындырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →