кылдыра
- Кылдыраган, кылдыр-кылдыр эткен дабыш, үн чыгуу.
- өт. Өтө акырын жүрүү, илкип жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүттөй болгон аппак таш, / Бут тийгенде кылдырап, / Биринен бирге өткөндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычтар сынды кыңгырап, / Сыныгы жатат кылдырап, / Найзалар сынды быркырап, / Темири жатат жылтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Күңгүрөнүп кылдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бирөөңө берем Коктукат, / Ээлик болуп элди бак, / Эмгегин тартып элиңдин, / Андан кийин даамын тарт, / Бириңе берем бул шаарды, / Сен экөөңө каратам, / Кара кырым каңгайды, / Алдыңда кызмат кылдырам, / Манжу, калмак буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →