кылдат1

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Чебер, этият.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордонун ханы Орунбай, / Жатканы жок ой кылбай, / Кыргыздан кошуун жыйнады, / Кененимге туйдурбай, / Аты-тонун ылгатты, / Найза сайар кылдатты, / Айбалтага мыктууну, / Чойунбашка шыктууну, / Күрөшсө онду жыкчууну, / Жебени жаага кергенди, / Атканын жазбас мергенди, / Беттешкенин жеңгенди, / Колунан жу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоголок таштан кылдаткын, / Эшигимдин алдына, / Алтымыш батман жыйнаткын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Селдей душман каптаса, / Селт этпей жалгыз кирген бар, / Сыныгын сыртка чыгарбас, / Сыр алдырбас кылдат бар, / Уйкудан кечип эл сактап, / Кызмат кылат мындайлар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылдат мерген Гүлчоро, / Жаага кыйын, колу шок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…елгенден, / Атканын жазбас мергенден, / Жаага чебер кергенден, / Чапканын жазбас андестен, / Найзага чабар ыктуудан, / Балтага кыйын шыктуудан, / Кылычка кыйын кылдаттан, / Тайганы бар жетекте, / Уламдан-улам жаңылап, / Алты маңгыт, төрт тайган, / Эки моңгул береки, / Бар санаты он эки, / Буларда турду кезекте, / Аңдып жүрүп уш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →