кылдай
- Ичке, абдан ичке.
- Кичинекей, тырмактай, кенедей.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай неме кез болсо, / Манастан башка айтпаңар, / Баарыңарга эп болсо, / Эртең күнгө азына, / Айчүрөк энем келет го, / Кызылкыздын сыйкыры, / Кылдай түптүз болот го, / Деп Бекбача айтканда, / Кыңк кылган киши жок, / Башын салып турушту, / Пейилин салып бекемдеп, / Кепти толук угушту, / Ар ким алды мойнуна, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кароолчу чаап барыптыр, / Чынаача кабар алыптыр, / — Манасыңа барам, — деп, / Бооруна канжар малам, — деп, / Толтодон кармап жүрөгүн, / Кылдай сууруп алам, — деп, / Сызгырылтып майларын, / Жилигин отко жагам, — деп, / Алтын тагын коморуп, / Байсалды анан табам, — деп, / Камынып калган кези экен, / Ал …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он беш күнүң бүткөнчө, / Өз бойумду сындаймын, / Жарагымды кылдаймын, / Менден көөнүң ооруба, / Сага ыракым кылбаймын, / Ошол күнү, Сейитим, / Эрдигиңди ылгаймын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кызыл канын агызып, / Кылдай мойнун кыйайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Буларда сенин эми кылдай тиешең да жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →