кылгылык

китептерде 30 жолу, 9 китепте
  1. Жамандык иш, кыянат иш, астыртан иштелген иш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп жылмыйдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акылым айтам баарыңа, / Жашырбаймын дегеле, / Жекелешип урушуп, / Ал келбестей Кененге, / Акылды арбын жыйалы, / Кызык жумуш кылалы, / Эртеңден баштап бөлүнүп, / Үч бөлүнүп чыгалы, / Туш-тушунан кыргызга, / Кылгылыкты кылалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жакыптын уулу Манастан, / Шоорук менен Көңтөйдүн, / — Экөөнүн кунун кубам, — дейт, / Кутурду кыргыз бул кезде, / Кылгылыкты кылам, дейт, / Кылычтан бирден өткөзүп, / Бир кумардан чыгам, — дейт, / Каратып туруп көзүнө, / Хан тагын жерге урам, -дейт, / Чарбасын айдап адырдан, / Чарбаг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жедигердин элинен, / Шум желмогуз чыгыптыр, / Кылгылыкты кылыптыр, / Муну Сейит угуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыргыздын элин чуулатып, / Катын-кызын олжо алып, / Жаш балдарын ыйлатып, / Калганын айдап чубатып, / Кызыл муштум балдарын, / Кырчынга тизип аспасам, / Кызыл ээк карысын, / Кылыч менен чаппасам, / Бооз катынын жарбасам, / Кылгылыкты кылбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →