кылакта

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Кылаңдоо, кылак-кылак эткен көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Кундузду койот пулга албай, / Жапа кундуз көп экен, / Сасык дешип теңге албай, / Байкерчилик болобу, / Кыргызга окшош жанга бай, / Кыр сактаган аскердей, / Кылактап турат карагай, / Теректи карап койбосо, / Жыгачпы деп эске албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аргымакты бош таштап, / Алдынан басты буластап, / Белдемчи жерде булактап, / Тоту куштай Каныкей, / Басканы сонун кылактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бешим маалы болгондо, / Эрке катын Чачыкей, / Ордодон чыкты маңкайып, / Ак кулжадай даңкайып, / Эки жагын каранып, / Карчыгадай таранып, / Кызгалдактай кылактап, / Асталай басып булактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Келиндин баары эндиреп, / Кыздардын баары кылактап, / Кырмызы көйнөк буластап, / Кыйкырыгы таш жарып, / Гүлчоро кирди кайтадан, / Бакырыгы баш жарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →