кылай
- Кылтыйып көрүнүү, чети кичине көрүнүү.
- Кичинекей, тыптырмактай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаштарга айтам көбүнчө, / Олуйа Кошой макалын, / Кылайтып көөнүн оорутпай, / Карыларды сактагын, / Бир көргөндө билинет, / Жакшы жаман бакканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, испандык, / Шаркырап суудай кан агып, / Ангычакты болбоду, / Таң көрүндү агарып, / Хан Дабытай, Кесилет, / Мойнун буруп карашып, / Кырылган элдин саны жок, / Кылайган кыргыз бири жок, / Коросон, испан, калмактан, / Өлгөн өлүк саны жок, / Кырылган элди көргөндө, / Чоңдордун ичи жалын, чок, / Калдайай кулак аттанып, / Кашкарды…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көк кылайып калганда, / Ыраң чөп баш алганда, / Койо берген Кылжейрен, / Кур семирип алыптыр, / Кулан болуп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мелтиреп абаң унчукпай, / Кылайып бир ооз кеп чыкпай, / Кайра тарткан кездерде, / Алмамбет уулу эр неме, / Тайбуурулду чылбырдан, / Таамай жетип алды эле, / Мамындай кебин салды эле: / — Мен Гү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ак жери жок кылайган, / Арамзада, ал чоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →