кык
- Малдын көң кылууга, жер семирткич катарында пайдаланууга боло турган майда тезеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…акы Ачакан, / Тажиктердин Темирбек, / Коктукатта хан Чыктей, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан үч моңгул, / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кыкымат, / Темир тондуу Шалкымат, / Адам жеңгис баары алп, / Кол салдың деп кыргызга, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Баарынын канын агызса, / Алты урук келсек чогулуп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күндө жамгыр төгүлүп, / Аралап барды Илеге, / Чыгып барды Чоңжинди, / Кең Шибер башы туу белге, / Чыга калса белеске, / Кайкысы ойдуң түз экен, / Сары короо кык болуп, / Жаздын бери кой жатып, / Айдаркандын Көкчөсү, / Чүкө атып жаткан кези экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Караногой Мажиги, / Кирип келди ал үйгө, / Эки жеңи салынып, / Кытыгыйдын көзүнө, / Баатырлыгы таанылып, / Кытыгыйы кытылдап, / Тили кекеч болуучу, / Кеп айталбай кыкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мышык келди кыкырап, / Кабааган иттер ыркырап, / Түлкү келди кылыңдап, / Кашкулак жүрөт мулуңдап, / Чөөлөр келди каткырып, / Сыйкыр менен желмогуз, / Жер-жаандын баарысын, / Айбанатка бастырып, / Топону көккө сапырып, / Айууга ийин каздырып, / Көрсөтмөк элге болду эле, / Көп сыйкырын наз кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ал эми Наабат эки күндөн кийин барса, эки агасы жолдук азыгы түгөнүп, малдын кыгын талашып жатышкан экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →