кыйынчылык
- Оорчулук, кыйын иш, оор абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уучташып душманга, / Канчалык кызмат кылсаң да, / Кыйынчылык күн келсе, / Күлүмсүрөп олтурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
- / Анда Кыргыл күүлөнүп, / Боз уулга сөйлүнөп: / — Кыйынчылык болду деп, / Кырасыңбы колду деп, / Кыйкырган бойдон барбасам, / Кыркылып калсын сакалым, / Кылымга калыш макалым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жери какыр, эл жакыр, / Кыйынчылык шол экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйынчылык күн келип, / Кызыл ээк чалдарга, / Чыркырап ыйлап жатабы, / Кызыл муштум балдарда, / Агып сүтү дирилдеп, / Жаш эмчектүү жандар да?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды тартып, акыры бир күнү араң табышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →