кыйындык

китептерде 34 жолу, 8 китепте
  1. Оордук, татаал иш, кыйын иш, кыйынчылык.
  2. Кыйын экендик, мыктылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көк жал төрө Кененим, / Кеңкула атты белендеп: / — Кызыталак Чойун алп, / Кең Кашкарга жеткирбей, / Талпагың ташка керем, — деп, / Жолум үйдөй башыңды, / Жол бойуна илем, — деп / Томолотуп көргөндөр, / Көзүңө балдар сийер, — деп, / Сенден көөнүм жай кылып, / Коросон менен испандын, / Кыйындыгын билем деп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аруулап жакшы кийгизип, / Ат которуп мингизип, / Алып барып балдарды, / Жаңжүндөргө тийгизип, / Бул жумушту кылганда, / Кытайды эки бөлөбүз, / Келбей койсо кырк жаңжүн, / Коңурбай калча, Нескара, / Мурадил, Уушаң булардын, / Кыйындыгын көрөбүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Сейити жолборсуң, / Кыйындыгын билгизди, / Жебени жазбай боосунан, / Илип алды найзага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бала кезден бер жакка, / Алпештеп жүрүп сен бактын, / Кыйындык кылып ар жайда, / Кызматы менен Гүлчоро, / Кыйалы менен бул жакты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
жеген атасын, / Адылдыгын билгизди, / Балыкчынын баласы, / Абылды такка мингизди, / Кыстумбал менен испандын, / Ийинге элин сийгизди, / Кызыгышкан душманга, / Кыйындыгын билгизди, / Билеги жоон эр өттү, / Пилге минген шер өттү, / Дүйнөгө келген тамам жан, / Баары өлүп түгөттү, / Жыйырма экимде жашында, / Дүйнөдөн жылып бул өттү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →