кыйыл2
- Тарткынчыктоо, көңүлсүнбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көркү тартып таңданткан, / Күжүлдөп турган элиңиз, / Күркүрөткөн жолборсту, / Көкжалым сиздин демиңиз, / Урматтаса кыйылып, / Кыркылып чөптөй душмандар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыдырайын жер бетин, / Чогултуп келип дөөлөрдү, / Көрсөтөлү өнөрдү, / Дөө балдары жыйылып, / Сейитини сойолу, / Калсын кыргыз кыйылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бир тойуучу ырыскы, / Тамагы бар бул иттин, / Ичпей турат бу капыр, / Ошол үчүн көөдөңдөн, / Кылча жаны кыйылып, / Чыкпай турат бу капыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бая биз көрүп келе жаткан казак орустардыкындай шымынын эки жаны көк менен кыйылган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Айласы кеткенде кыйылып туруп, кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кызын бир карап, күйөөсүн бир карап туруп араң берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →