кыйыктан

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Тил албоо, моюн сунбоо, макул болбоо, кежирленүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Боз кийик топ-топ жайылып, / Аңдып чөөлөр жабылып, / Илбирс басат суналып, / Аңдып жатып кыйыктан, / Текени тандап бул алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алайа тиктеп койгондун, / Тилегин шордой катырам, / Өлбөй аман мен турсам, / Кыйыктанып калабы, / Балаң Манас жумшасам?- / Деп Жакып бай айтканда, / Карахан көөнү тыныптыр, / Калдайып элди ээрчитип, / Коноктун камын кылыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Манас муну айтат: / — Абам Кошой карыганда, / Жарап салды намыска, / Ак чач болгон абышка: / Кыйыктанбай чыга кал, / Кимиң болсо барышка!- / Анда Бакай муну айтат, / — Асылым Манас, — деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өкүрүгү таш жарып, / Өксүп Чубак барыптыр, / Булар минтип жатканда, / Кыйыктан таап бир жолду, / Кытайлардын үч дөөсү, / Качып кетип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →