кыйшык

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Түз эмес, ийри, бир жагына оодук, бир жагына жантык.
  2. өт. Туура эмес, ката.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– / Муну айтып Нескара, / Сындап айып таба албай, / Тапмак турсун кыйшыгын, / Толтуруп сынын ала албай, / Анда келген дөөлөрдүн, / Көңүлү болбой абдан жай, / Көргөндөн баштап Коңурбай / Көп ойлоно баштады, / Колунан келсе бул чочко, / Бир амалды тапкалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйшык айткан сөз болбос, / Кылычы болду сур жолборс, / Жандай чаап сурданып, / Жолборс болду а жолдош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйшык айткан сөз болбос, / Кылычым болду бир жолборс, / Жортуулда бирге чоромдой, / Жолборс болду маа жолдош, / Ай талаанын бетине, / Жолборс жолдош кашымда, / Алдыман дөбө кезикти, / Бирге чыктык башына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эрмен чөлү жок болсо, / Кыртыштуу тулаң чөп болсо, / Чарба үчүн ылайык, / Жайыты анын көп болсо, / Айрыктарын түбөлүк, / Ата уулу кылып бөлөлүк, / Кыйшыгы болсо душмандын, / Кыйындыгын көрөлүк, / Ат токунгун арстандар, / Айалдабай жөнөйлүк, - / Он бир жаштан бер жакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйшык айтып сөз болбойт, / Кылган кепте жалган жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →