кыйшаңда

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Токтоно албоо, кыйшактоо.
  2. Кандайдыр бир иштен качуу, четтөө, жалтактоо, жалкоолонуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйшаңдаган сетеркүң, / Турбагының кет, жогол! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үнүп, / Бели ооруп зыркырап, / Тизеси жоруп тызылдап, / Тарамышы түйүлүп, / Муундары тырсылдап, / Чөйчөктөй көзү жайнады, / Минтип шору кайнады, / Антип–минтип кыйшаңдап, / Арстан Манас баашанын, / Чатырына барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / —… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кытайдан безген кысталак, / Атасынан баласы, / Кыргызда жүрөт кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →