кыйшакта
- Токтоо эмес, жеңил мүнөз көрсөтүү, кыйшаңдоо.
- Бир нерсени иштегиси келбей жалкоолонуу, качуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токтоно албай Каракөз, / Жоор жылкыдай кыйшактап, / Түлкүдөн бетер шыйпактап: / — Хан Бетирке кебим бар, / Бери карап кулак сал, / Андан келсе ачууңуз, / Кытайды бузар демиң бар, / Калың Кангай турганда, / Эминеден кемиң бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип калп эле, / Каткырган болуп ырсактап, / Мойнун булгап кыйшактап, / Шум түлкүдөй шыйпактап, / Үй тартуучу устадай, / Буралып бели кыйкактап: / — Айыктыбы, баатырлар, / Анча-мунча жараңар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сөзүңдү танып жазгактап, / Кылтылдасаң кыйшактап, / Сенин да жаның мен алам, / Бир Сейити жүз болсун, / Мени менен касташса, / Топодой тозуп түз болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алтындан соккон чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Күмүштөн куйган чоң чачпак, / Май сооруда шаркылдап, / Канчоронун жанында, / Чачыкей турат арам күң, / Мас болгондой шалкылдап, / Айлана басып кыйшактап, / Терин аарчып шыйпактап, / Аркасын салбай чорого, / Айлана басып кыйгачтап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жата калып шыйпактап, / Кырчаңгыдай кыйшактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →