кыйшай
- Бир жагына оой баштоо, жантаюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ип кир жууган, / Кеңколдун жайы ичи экен, / Келе жатса жаш бала, / Узун бойлуу ак сакал, / Караны бешче киши экен, / Карабай да, кылчайбай, / Же каткырып күлүп кыйшайбай, / Же ачуусу келип сумсайбай, / Кыйа тарта бергенде, / Кара кашка ат минген, / Кабаттап темир кийинген, / Карыга найза илинген, / Карап каарын көргөндө, / Кара…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир беттешип жанышты, / Өрттөнүп өлгүр экөө тең, / Өчөгүшүп сайышты, / Күн төбөдөн кыйшайып, / Бешимге жакын барышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керкөкүл сайган Камбыл алп, / Кайра атына жармашып, / Үзөнгүгө бут салды, / Анчалык кылган Керкөкүл, / Эми жетип бир сайды, / Желденип турган Камбыл алп, / Жер кучактап кыйшайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…айнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →