кыйчалыш

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Кыйгач, түз эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйамына келгенде, / Кыйчалыш өтө бергенде, / Төрө Алмаң акырып, / “Манастап” ураан чакырып, / Камыштан чыкты качырып, / Алмамбет үнүн укканда, / Алактаган Коңтөрө, / Адырайган чоң төрө, / Айласы кетти шашылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйчалыш өтө берерде, / Найзаны таштап жиберип, / Ачалбарсты кынынан, / Колуна алды имерип, / Манасты эми сайдым, деп, / Коңурбай кирди күүлөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйамына келгенде, / Кыйчалыш өтө бергенде, / Кыйынсынган Айбааны, / Көмө койуп өткөнү, / Атынын оозун бурганча, / Калча Коңур жеткени, / Керкөкүлдөй баланы, / Көмө койуп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайчы кулак кыйчалыш, / Алдыда келет Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →