кыйна

китептерде 273 жолу, 10 китепте
  1. Уруп, сабап этин, денесин оорутуу, соккуга алуу.
  2. Кыйын, оор абалга туш келтирүү, азапка салуу, катуу жапа чектирүү, кысмакка алуу.
  3. Тынчын алуу, тынчтык бербөө, кыстоо, кысмакка алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайнатама айткыла, / Эт көйнөгүн айабай, / Мага берсин кайнатам, / Кайненеме айткыла, / Сабыр кылсын ыйлабай, / Тынч жаткырсын жерине, / Нурфануну кыйнабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылычтуу менен найзачан, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Чаар ичеги чубалып, / Чыкпай жаны кыйналып, / Чакыйып жаткан жанды көр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каңгырап Бакай ыйлады, / Калдырап таштар кулады, / Анда Семей муну айтат: / — Кой, абаке, ыйлаба, / Асыл жанды кыйнаба, / Баатыр сендей болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →