кыймыл

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Кандайдыр бир ишти иштөө максатында кылынган аракет, аракет болуп турган абал.
  2. Белгилүү бир максатты көздөгөн коомдук иш, аракет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны келет, деп, / Кыймыл эткен баарыны, / Калдык жүргөн белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап турса аныктап, / Жердин бетин көл толкуп, / Келаткансып суу каптап, / Кылт этип кыйал бурулса, / Кетчүдөй көрүнөт, / Кызыл кыйан сел каптап, / Жүрөгү күйүп кызыл чок, / Кыймыл этээр чама жок, / Кара бойу бүт какшап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей былк этпей, / Арстан баатыр Манаска, / Кайран Чубак ошондо, / Астыртан айтты шыбырын: / — Аткарбай кармай көргүн, — деп, / Алмамбеттин чылбырын,- / Арстан Манас кабылан, / Эр Алмамбет баатырды, / Кармай алды чылбырдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей, солк этпей, / Гүлчоро жатты былк этпей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →