кыйла
- Далай, бир топ, көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эндегей жаткан кыргызга, / Кыйла бүлүк салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойлонуп кыйла олтуруп: / “Айтса-айтпаса кандай кеп, / Баш көтөрүп бул элден, / Такка минип ээ болсо, / Ажалдан өлбөй баарысы, / Кыргыздан өлүп жоголсо, / Жедигердин кыргызы, / Өзүндө хандык болбосо, / Эл четине барам” деп, / Аттанып Ырыс жөнөдү, / Алты жүз киши котчу алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төбөй деген балбаны, / Калдагай кулак Чойун алп, / Канча жылдан бер жакка, / Ардактаган айбаны, / Бөлүнүп сапта коройуп, / Төбөй чыга калганы, / Жолум үйдөй башы бар, / Жолбун иттей кашы бар, / Ач жолборстун тиши бар, / Анын кыйла иши бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет айткан бул кептин, / Чынында кыйла эби бар, / Акыл менен байкасам, / Мунун ойлоно турган жери бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызыл киши кыйла бар, / Куткарбаска жарамат, / Жан айабайт мындайлар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →