кыйгактуу
- Кыйгак чөбү бар, кыйгак чөп өскөн (мис., жер).
- Эки миздүү, кырдуу, өткүр, курч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаңылап келген кытайдан, / Кыйгактуу найза колунда, / Кыргыз эмес кылымды, / Жалгыз алыш ойунда, / Көпкөк темир кийинген, / Турган тулку бойуна, / Күчүн-күчкө улаган, / Өчүгүшкөн душманы, / Капыле…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыраан бала Кененим, / Кыйгактуу чынар түп жагын, / Кыйа кармап бекемдеп, / Булгап-булгап ийгени, / Жараңка башы чынардын, / Кызыл алпка тийгени, / Талаадай болгон кең бетти, / Кыйа-чийе тилгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйгактуу найза колго алып, / Куйундатып тулпарын, / Кырынан келип бир сайып, / Баш аламан койгулап, / Барган сайын Жетилбай, / Ур дегиче үчтү чаап, / Жалдырап турат Акы дөө, / Мыдыр этер шайы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйгактуу найза ала элек, / Кыйкырып жоого тийе элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ээрчитип алып бастырып, / Насыйатын тапшырып: / “Сен кыйгактуу найза ала элек, / Кыйкырып жоого тийе элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →