кызыр

китептерде 18 жолу, 5 китепте
  1. миф. Элдик аңыздарда көбүнчө ак сакалдуу карыя, колдоочу маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлүгүм менин көмүлбөй / Өзүң келдиң жолборсум, / Менин Кызыр болду жолдошум, / Бүрсүгүнү чаршенби, / Балам мага жол болсун, / Жума күндөн калтырбай, / Чечдөбөгө койорсуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аны менен түгөнбөйт, / Атайлап кулак салыңар, / Колдоочуң жанда бар болуп, / Көрүнөө Кызыр жар болуп, / Ак туйгун болсо кушуңуз – / Душманга тийип мушуңуз, / Күлдү жооңун баарына, / Күндөй тийип табыңыз, / Көңүлү мейип багынып, / Күлдөгөн экен багыңыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балаңдын аты Сейитек, / Кызыр койгон атты, — деп, / Он экиге чыкканда, / Таласты кайта тапты, деп, / Чачылып кеткен кыргызды, / Чогултуп кайра бакты, — деп, / Көзүң тийип кетээр, — деп, / Эр Гүлчоро моминтип, / Кучактап уулун алганда, / Көзүнө жоолук басты эле, / Эзилип бойу абаңдын, / Сызып тери акты эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Уктап жаткан шаарга, / Түн ичинде кирбегин, / Атаңа болор жаманат, / Жетимиш пирге кол берген, / Жети ирет Кызыр жол берген, / Атакең Манас колдосун, / Кожо Асан болсун жолдошуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө "канга учурашалы" деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →